С. Жапаров жубайы менен Кытайда президенттердин учурашуу аземине катышты. Видео

Азем Тан династиясынын доорундагы стилде өттү. Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары үчүн "лотос бийи" түрүндө кыскача театрлаштырылган оюн-зоок уюштурулду.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен бүгүн Сиань шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен учурашуу аземи Тан династиясынын лотос багында өтүп, жогорку даражалуу конокторду Си Цзиньпин жубайы менен тосуп алды.
1 / 4

Мамлекет башчы Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен бүгүн Сиань шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземине катышты

2 / 4

Салтанат Тан династиясынын доорундагы стилде уюштурулган

3 / 4

Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары үчүн "лотос бийи" түрүндө кыскача театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү

4 / 4

Учурашуу аземинен жана чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин Си Цзиньпин куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Салтанат Тан династиясынын доорундагы стилде уюштурулган. Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары үчүн "лотос бийи" түрүндө кыскача театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү.
Учурашуу аземинен жана чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин Си Цзиньпин куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Андан соң кытай лидеринин атынан расмий кабыл алуу болду.
Жапаров Кытай бизнес өкүлдөрүн ГЭС курууга чакырды. Дагы эмне деди