Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Путин менен Зеленский Рим папасынын элчилерин кабыл алууга макул болушту

Москва менен Киев "убактылуу жоопто өздөрүнүн жеткиликтүүлүгүн принципиалдуу түрдө жарыялашканын" айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Владимир Путин менен Владимир Зеленский Рим папасынын атайын жиберилген адамдары менен Украинада "элдешүүгө жетишүүнү талкуулоо үчүн" сүйлөшүү жүргүзүүгө макул болушту. Бул тууралуу РИА Новости Ватикандын il Sismografo сайтына шилтеме кылып кабарлады.
Басылманын маалыматына караганда, Ыйык Такты Россия менен Украинанын элчиликтери аркылуу "элдешүүгө алып бара турган сүйлөшүү жолдорунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн" Москва менен Киевден Рим папасынын элчилерин кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн сураган.
Москва менен Киев "убактылуу жоопто өздөрүнүн жеткиликтүүлүгүн принципиалдуу түрдө жарыялашканын" жана "эки элчи болобу же эки борборго бир эле өкүл болобу" деп маселени тактап, алардын чоо-жайын, маалыматтарын сурашканын il Sismografo жазган.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремлдин бул боюнча азырынча маалыматы жоктугун айткан. Ал эми майдын башында Ыйык тактынын мамкатчысы, кардинал Пьетро Паролин каршылаш болуп жаткан эки тараптын Ватикандын тынчтык демилгеси менен маалымдар болгонун билдирген. Анын майда-чүйдөсүн РИМ папасы өзү гана ачып берүүгө укугу бар экенин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Рим папасы Франциск Украинанын чабуулун токтотууга чакырууда