Радио

Психолог: үйүндө атмосфера жылуу болбогон киши жумушта ачуулуу болот

Психолог Айдана Мадишова эс алууну унутуп койгон кызматкерлердин иши көп деле майнаптуу болбой турганын айтты.
Sputnik
Үйүндө атмосфера жылуу болбогон киши жумушта ачуулуу болушу мүмкүн экенин Айдана Мадишова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, стресстин булагы жумуш болуп саналат.
"Адамда стресс жумуштан улам келип чыгышы мүмкүн. Ошол стресс анын жашоо образына жана айланасындагы кишилерге чоң таасир берет. Мындай учурда ал киши өзүнүн психологиялык абалын жакшыртканга аракет жасашы шарт. Албетте, бир тараптуу аракет жетишсиз болушу мүмкүн. Бул жерде жетекчи да кызматкерин түшүнүп, колдоо көрсөткөнү маанилүү. Көп учурда үйүндө атмосфера жылуу болбогон кишилер жумушта ачуулуу болот. Бат жини келип, офисте ар кандай конфликтилерди жаратышы мүмкүн. Ал эми үйүндө атмосфера жылуу болгон кишилер иш учурунда чыккан ар түрдүү маселеге сабырдуу, токтоо мамиле жасай алат", — деди психолог.
Ал ар бир компанияда HR-менеджерлер кызматкерлердин ишке болгон каалоосун ойгото билиши керектигин кошумчалады.