УКМК Ошто бажычыларды жана Ош темир жол башкармалыгынын жетекчисин кармады

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. УКМК Ошто Бажы кызматынын эки кызматкерин жана Ош темир жол башкармалыгынын жетекчисин коррупциялык схеманы уюштурган деп кармады. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Мамлекеттик бажы кызматынын "Достук" алдын ала бажы процедурасы жеринин (АБПЖ) башчысы Н.А.Н., Ош темир жол башкармалыгынын башчысы К.Б.Ж. жана "Достук" алдын ала бажы процедурасы жеринин кезектик башчысы Т.М.К. кармалышты. Жогорудагы адамдар "Достук" АБПЖ постунда алдын ала бажы процедурасынын жери аркылуу ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлерден акча чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан", — деп айтылат маалыматта.
Комитеттен учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын билдиришти.
УКМК: 10 салыкчы кармалып, мамлекеттик бюджетке 100 млн. сом кайтарылды