БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Блогер өз ишин сүйгөн адам болсо, анда ал ийгиликтүү боло алат. Бул тууралуу Адилет Ногойбаев билдирди.
Ал SputnikPro долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда мастер-класс өткөрдү.
"Блогерлик сиздин сүйүктүү ишиңиз болгон учурда гана узак убакыт бою бул багытта иш жүргүзө аласыз. Мисалы, мен тапкан акчамдын баарын эмоция алып элге бөлүшүү үчүн коротуп келем. Элге жасалмасы жок эмоциялар жагат. Сиздин блогуңуз көпкө жашашы үчүн өзүңүз сүйгөн теманы тандашыңыз керек. Мисалы, медицинаны жакшы түшүнсөңүз, ошол багытта блог ачыңыз", — деди Ногойбаев.
Ал мисал катары дарыгер-уролог менен өтүкчүнүн блогдорун айтты.
Ногойбаев жаңы жер жаңы идеяларды бергендиктен жаңы башталгыч блогерлерге көп саякаттоону сунуштады.
Блогер Бишкектеги бир нече жогорку окуу жайдын журналистика факультетинде окуган студенттер менен жолукту.