Минниханов ЕАЭБге түндүк-түштүк транспорттук коридору эмне берерин түшүндүрдү

Татарстандын раисинин айтымында, транспорт коридорун ачуу Евразия континентиндеги көп мамлекеттер үчүн пайдалуу болот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Түндүк-түштүк эл аралык коридору тиешелүү нукта иштеп кетсе, Евразиянын транспорт каркасынын негизги элементи болуп калат. Бул тууралуу Татарстандын раиси Рустам Минниханов "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum-2023" деп аталган форумда билдирди.
Анын айтымында, транспорттук бул коридор Евразиялык экономикалык биримдигинин экономикалык өнүгүүсү үчүн альтернатива катары жана Евробиримдикке жооп иретинде өзгөчө мааниге ээ.
Транспорт коридорунун огунда жайгашкан өлкөлөр ЕАЭБге 2018-жылы Иран мамлекети менен эркин соода келишимине кол коюлгандан бери кызыгып келишет. Мындай сүйлөшүүлөр ЕАЭБ жана Индия ортосунда да жүрүүдө. Кызыгуу Түштүк Азия жана Перси булуңундагы өлкөлөрдө да жаралууда. Түндүк-түштүк коридорун транспорттук кең маршруттар менен бириктирүүдө бир топ потенциал турат", — деген Минниханов.
Ал масштабдуу долбоорду баштоо евразиялык аймакта соода жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүүгө негиз саларын белгилеп, ал көп континенттердин узак мөөнөттүү кызыкчылыгына туура келерин белгиледи.
KazanForum Татарстандын борборунда өтүп жатат. Бул форум – Россия менен ислам дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы бизнестин негизги аянтчасы. Анын максаты – РФтин региондору менен Ислам кызматташтыгы уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, социалдык жана маданий байланыштарды бекемдөө.
Россия борбор азиялык студенттер үчүн квоталарды көбөйттү