БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Перс булуңундагы мамлекеттерге Кыргызстандан адал стандартка жооп берген эт азыктары жөнөтүлөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Адал индустрияны өнүктүрүү боюнча борбордун жетекчисинин орун басары Алмаз Үсөнгул уулу билдирди. Ал "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum-2023" деп аталган XIV эл аралык экономикалык форумга катышууда.
"Кыргызстандык компаниянын бири Перс булуңундагы өлкөлөргө, мисалы, Дубайга эт продукциясын жөнөтүп келет. Төрт айда эле 160 тонна жеткирилген. Кувейт жана Катар сыяктуу мамлекеттер менен да келишим түзүү каралууда", — деди Үсөнгул уулу.
Ал аталган форумга катышуу Кыргызстанга индустриянын малайзиялык JAKIM сыяктуу абройлуу органдары менен байланыш түзүүгө жол ача турганын белгиледи.
KazanForum Татарстандын ордо калаасында өтүп жатат. Бул Россия менен ислам дүйнөсүнүн ишкерлик байланышын чыңдоодогу башкы аянтча болуп саналат. Максаты — Россиянын региондору менен Ислам кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин соода-экономикалык, илимий-техникалык, агартуучу, социалдык жана маданий байланышын бекемдөө.