Кыргызстандык шахбоксчулар Калькуттада өтчү Азия чемпионатына катышат

Учурда ар бир облуста федерациянын өкүлчүлүктөрүн ачуу каралып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандык шахбоксчулар Калькуттада өтө турган Азия чемпионатына даярдык көрүп жатышат. Бул туурасында Кыргызстандын Шахбокс федерациясынын президенти Абасбек Доромбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.
Ал өлкөдө жаңы Шахбокс федерациясы түптөлүп, эл аралык мелдештерге спортчуларды даярдоо башталганын белгиледи. 4-7-июнь күндөрү боло турган Азия чемпионатына Айбек Кобенов менен Азамат Жанузаков катышат.
"Кыргызстанда Шахбокс федерациясын ачууну Россия тарап сунуштап, учурда бул спортту өлкөдө жайылтуу иштери башталды. Ар бир облуста федерациянын өкүлчүлүктөрүн ачуу каралып жатат. Мындан тышкары, дүйнө чемпионатына катышып, тажрыйба алып, жогорку жетишкендиктерге жетүүгө бел байладык", — деди Доромбаев.
Ошондой эле адис шахбоксту Кыргызстанда өнүктүрүүгө Бүткүл дүйнөлүк федерация да кызыкдарлыгын билгизип, ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн белгилегенин кошумчалады.
Шахбокс— шахмат менен бокстун синтези, адамдын аң-сезими менен күч-дараметин өнүктүрүүчү гибриддик ыкма.
Кыргызстандык боксчу дүйнө чемпионатында тарыхта биринчи ирет медаль утту