Кыргызстанда айдоочуларга "жашыл" номер берүү сунушталды. Артыкчылыгы

Эл өкүлү өзгөчө номер "жашыл" транспортко өтүүдө кыргызстандыктар үчүн стимул болорун айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстанда кээ бир автоунааларга "жашыл" номер берүү сунушталууда. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев иштеп чыккан.
Эл өкүлү электромобиль айдагандарга, катализатору менен ОСАГОсу бар айдоочуларга төмөнкүдөй өзгөчө шарттарды түзүп берүүнү каалап жатат:
автоунааны каттоо акысын төмөндөтүү;
автоунаа салыгын төмөндөтүү;
жол эрежесин бузууга салынган айыпты 50 пайызга кыскартуу;
машинанын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга уруксат алуу акысын арзандатуу;
унаа токтотуучу жайларды арзандатуу жана башка бонустар каралган.
Эл өкүлү бул нерсе кыргызстандыктарды "жашыл" транспортко отургузууга стимул болорун айтып, өлкөдөгү экологиялык абал жакшырарын кошумчалады.
Бишкек жашоого ыңгайлуу болбой калды. Себеби жана абалды оңдоо жолдору. Маек