"Каракол" аэропортунун жетекчилигине иш козголду

Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. "Каракол" аэропортунун жетекчилигине иш козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, аба майдандын кызмат адамдары аэропорттун атайын техникасы менен жабдууларын сатып алып, кийин баалуу металлдарын өздөрү чыгарып, алган адамдарга мыйзамсыз сатып жиберишкен.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында алтынды аффинаждоочу жер астындагы лаборатория табылган.
Шектүүлөргө Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") боюнча иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
УКМК Ошто бажычыларды жана Ош темир жол башкармалыгынын жетекчисин кармады