Радио

Бикулов: инвестор келгенде кадрлар өзүбүздөн болгону өлкөгө пайдалуу

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин уюштуруу жана протокол бөлүмүнүн башчысы Дамирбек Бикулов өлкөдөгү инвестициялык саясат тууралуу айтып берди.
Sputnik
Инвесторлор келгенде кадрлар жергиликтүү элден болгону өлкөгө пайдалуу. Бул тууралуу Дамирбек Бикулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул инвестор өлкө экономикасына салган капиталдын кайра сыртка чыгуусун азайтат.
"Өлкөдө инвестициялык кодекс иштелип чыгууда. Ал бул багыттагы мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюп, бардык баскычта ишти жеңилдетет. Натыйжада экономикасы күчтүү коңшу өлкөлөр менен атаандаштык кылууга мүмкүндүк түзүлөт. Ошондой эле кошуна мамлекеттердин ишкерлери менен орток ишканаларды түзүүгө багыт алынууда. Мындан тышкары, кодекске "инвестициялык лот" деген түшүнүк киргизилет. Ал аркылуу инвесторлорго кызык болчу долбоорлордун тийиштүү документтерин даярдап, талаптар жазылып сунушталат. Башкача айтканда, ишкер каражатын салып, ал эми документ иштерине көп убакыт коротпой тургандай жагдай түзүлөт. Муну жогоруда айтылган мыйзамдар даяр болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин үчүнчү баскычта ишке ашыруу пландалууда. Бул багытта эң маани бере турган жагдай — кадр маселеси. Мисалы, кайсы бир долбоорго сырттан адистер жалданса, биринчиден, кымбат, экинчиден, капиталды сыртка чыгарып кетет. Ал эми жергиликтүү адистер тапкан каражат өлкө экономикасына салынат. Ошондуктан бул багытка, кесипкөй адистерди даярдоого басым жасалуусу зарыл", — деди Бикулов.
Ошондой эле ал соңку геосаясий жагдайлар IT, логистика багытындагы ишканаларды өлкөгө тартууга мүмкүндүк түзгөнүн кошумчалады.