Радио

Кулукеева: РФтин миграциялык мыйзамына кирген өзгөртүү жеңилдик берет

ТИМдин консулдук департаментинин кеңешчиси Айымкан Кулукеева "РФтеги чет элдик жарандарды жана жарандыгы жокторду миграциялык каттоого алуу жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө кыргыз тараптын сунушу эске алынганын айтты.
Sputnik
Эми Россияга иштөөгө келген эмгек мигранттары өзүнүн жана балдарынын убактылуу катталган жери тууралуу маалыматты үйдө отуруп эле электрондук формада жибере алат. Порталга келип түшкөн билдирүүнү федерациянын миграциялык кызматы каттайт. Бул тууралуу Айымкан Кулукеева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр 2023-жылдын октябрь айынын соңунан тарта иштей баштайт.
"Россиянын федералдык миграция боюнча мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизерде кыргыз тарап да өз сунушун билдирген эле. Анда биз жарандардын убактылуу катталган даректерин миграциялык кызматтарга жеткирүү жол-жобосун электрондоштурууну билдиргенбиз. Ушул жылдын апрель айында мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн алкагында биздин сунуш эске алынып, эми Россиянын аймагына келген мигранттар убактылуу катталган дареги тууралуу маалыматты үйдөн чыкпай эле электрондук түрдө жиберип коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул кадамдарды Россия Федерациясы коррупциялык схемаларга бөгөт коюу максатында ишке ашырып жатса, эмгек мигранттары үчүн да убакыт, каражат үнөмдөп, эч кимге алданбай өз алдынча документтерин тариздөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ал үчүн белгиленген интернет-порталга кирип, жеке кабинети аркылуу убактылуу катталгандыгы тууралуу маалыматты жана ошол үйдүн ээсинин макулдугун жүктөйт. Болбосо үй ээси өзүнчө жеке кабинет аркылуу эмгек мигрантын каттоого алууга макулдугун берет", — деди Кулукеева.
Ал Россияга иштөө максатында аттанып жаткан кыргызстандыктарды сапар алдында бара жаткан өлкөнүн тиешелүү мыйзамдары менен таанышып, кабардар болуп алууга чакырды.