УКМК: Туризмди колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова кармалды

Атайын кызмат фонд жетекчилигинин айлыгы да жогору болгонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Туризмди колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова кармалганын УКМК кабарлады.
Маалыматта фондго бюджеттен уставдык капиталына 1 миллиард сом бөлүнгөнү, бирок каражат максатсыз пайдаланылганы айтылат.
"Туристтер үчүн 21 эс алуу жайы (Rest Point) курулушу керек болчу, буга 105 миллион сом бөлүнүп, бир дагы эс алуу жайы ишке берилген эмес. Мындан тышкары, чет элдик компаниялар менен бир катар келишимдер түзүлүп, эскиздерди эле даярдоого 715 миң евро жумшалган. Буга катар фонд бизнес-планын көрсөтпөгөн компанияларга акча бөлгөн, буга 65 миллион сом корогон", — деп айтылат билдирүүдө.
УКМК фонд жетекчилигинин айлыгы да жогору болгонун белгиледи. Туризм жаатында тажрыйбасы жок чет элдик консультанттар ишке тартылып, аларга айына 6 миң доллардан маяна төлөнүп турган.
Туризмди колдоо фондуна кылмыш иши козголгону 4-майда белгилүү болгон.
"Каракол" аэропортунун жетекчилигине иш козголду