Эрулан Көкүлов D Billions брендиндеги дүйнөгө таанылган парк ачууну сунуштады

Депутат бийлик өзүбүздө бар дүйнөлүк бренддерди да колдоно албай жатат деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн D Billions деген парк ачууну сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, өнүккөн өлкөлөр туризмге байланышкан инструменттерин өздөрү ойлоп табат. Ал эми биздин бийлик өзүбүздө бар дүйнөлүк бренддерди да, тилекке каршы, колдоно албай жатат.
"Бизде D Billions деген дүйнөлүк бренд бар. Жаш ырчы, музыканттар өздөрү дүйнөлүк аренага чыгарышты. Балдар мультфильмдерин, көңүл ачуусу оюндарды тарткан жагынан Американын Disney компаниясынан ашып кетпесе дагы кем калышпайт. Эмне үчүн биз алар менен сүйлөшүп, D Billions брендин колдонуп Disney сыяктуу дүйнө жүзүнө таанылган парк ача албайбыз? Ошолор аркылуу инвесторлорду таап алсак, ошол да туризм. Ушул жактан акча келет да бизге", — деди Көкүлов.
Депутат корей өкмөтү жардам берип "K-pop" деп ырчыларды чыгарып, сериалдарды тартып өз өлкөсүн дүйнө жүзүнө таанытып, товарларын сатып жатканын мисал келтирди.
Аны менен катар канча деген блогерлер мамлекет кылбаган иштерди жасап, дүйнө жүзүнөн Кыргызстанга туристтерди алып келип жатканын белгиледи. Айтымында, Көл-Төрдү эле эки-үч жылдын ичинде абдан кызыктуу жерге айландырып, миңдеген турист тартылган. Эл өкүлү эмне үчүн ушундай иштерди мамлекет кыла албайт деп нааразы болду.
D Billions командасы балдар үчүн кыргыз тилинде видеолорду даярдай баштады