Билим берүү министрлиги Кыргызстанда талап күч болгон адистиктерди атады

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев колледж жана кесиптик лицейлердин студенттери жумушсуз калбасын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Асыл Абдыракманова Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде өлкө рыногунда кайсы кесиптерге суроо-талап көп экенин айтып берди.
"IT-адистиктери чоң суроо-талапка ээ. Борбор калаада мындай адистерди даярдаган бир нече лицей бар, облустук кесиптик билим берүү мекемелери да тартылып жатат. Бул табигый көрүнүш, анткени азыр бул кесипке суроо-талап жогору. Ошондой эле учурда газ жана электр ширетүүчү, тигүүчү, ашпозчу жана кондитер дагы эң көп талап кылынган адистиктердин катарында", — деди Абдыракманова.
Ал билим берүү мекемелериндеги кесиптердин реестри такай жаңыланып, лицейлер жана колледждер компетенттүү кадрларды издеген ишкерлер менен түздөн-түз кызматташарын кошумчалады.
Кирешенин 30%ынан ашпаш керек. Адис насыядан туура кутулуунун жолун айтты