16-17-май күндөрү Россиянын Томск шаарында "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун "Россия жана Борбордук Азия: өзгөрүп жаткан дүйнө менен өз ара ымалада болуу" деп аталган III борбор азиялык конференциясы өттү. Иш-чарада жасалган бир катар билдирүүлөрдүн орчундууларын сунуштамакчыбыз.
Батыштын Борбор Азияга жасаган мамилеси кандай?
РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Россияга каршы экономикалык, маалыматтык, юридикалык жана аскерий агрессия жүрүп жатканын айтып, анын Борбордук Азия регионуна чагылып жатканын белгиледи.
РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин
© Фото / Пресс-служба МИД РФ
/ "Батыш биздин өнөктөштөргө Украинадагы атайын операцияны дүйнөлүк коомчулуктун көзүнчө сындап, антироссиялык санкцияларды колдоп-коштосо кошумча инвестицияларды, аскердик жана материалдык жардамдарды берүүгө убада кылууда. Америкалык жана европалык эмиссарлар байма-бай каттап жатышат. Батыш өлкөлөрүнөн импорттун көбөйүшү жана сатылып алынган товарлардын тагдыры тууралуу түшүндүрмө берүүнү уялбай-этпей эле талап кылган инспекцияларды жасашууда. Мунун баары өзүнүн улуттук кызыкчылыгына багытталган саясатын жүргүзүп жаткан эгемен жана көз карандысыз мамлекеттерге үстүртөдөн карап, жактыра бербей жасалган мамиле", — деп белгиледи Галузин.
Батыштын Борбордук Азияда көздөгөнү эмне?
ТИМ жетекчисинин орун басары АКШ менен НАТО "Россияны ооздуктап, регионду андан оолактатуу менен акырындап РФтин түштүк чек арасында кооптуулук жаратууга" багытталган аракеттерди көрүп жатканын белгиледи. Азыркы тапта тийиштүү ЖМКлар жана бейөкмөт уюмдардын жардамы менен жүрүп жаткан маалыматтык кампания да ушул нукта. Максаты — жалпы тарыхты бурмалоо жана нацисттик көз карашты калыптандыруу менен жергиликтүү элдин Россияга болгон мамилесин начарлатуу.
"Батыш Борбор Азияны Россия менен Кытайды ооздуктоодо, ошондой эле Азиядан Европага жана Европадан Азияга кеткен соода түйүндөрүн көзөмөлдөөдө курал катары гана кароодо. Россиянын мамилеси такыр башка, бул бизге чектеш аймак, жалпы тарых, союздаштыкка жана интеграцияга негизделген өз ара пайдалуу жана тең укуктуу мамиле бар", — деди дипломат.
Тажикстандын Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясат таануу институтунун жетекчисинин орун басары Рустам Хайдаров да ушундай эле пикирде.
Тажикстандын Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясат таануу институтунун жетекчисинин орун басары Рустам Хайдаров
© Фото / пресс-служба МДК "Валдай" / Павел Черемисин
"АКШ менен анын союздаштарына Борбор Азия Россияга, Кытайга каршы туруудагы плацдарм үчүн керек. Жамааттык Батыш аймакты санкция тирешиндеги потенциалдуу өнөктөш жана Россияга каршы ачыла турган "экинчи фронт" катары кароодо. АКШ Борбор Азия республикалары менен коркутуп-үркүтүү жана ультиматум коюу ыкмасы менен сүйлөшө баштады. Америкалык эмиссарлар апрелде аймакты эскертүүлөр толгон пакет менен кыдырып чыкты", — деди Хайдаров.
АКШнын Борбор Азиядагы күчтөнүүсүнүн кооптуулугу
Хайдаровдун айтымында, Батыштын бийликтеги элитасы дүйнөлүк экономика менен саясатта үстөмдүгүн жоготконун мойнуна алгысы келбейт.
"Андыктан дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө ызы-чуулардын чыгып турушуна аракет кылышат. Азыр жамааттык Батыштын бутасында Түштүк Кавказ менен Борбор Азия турат. Жогоруда айтылгандарды эске алсак, биз жана союздаштарыбыз Кытай менен Россия окуянын аскердик-саясий ар кыл сценарийде өнүгүшүнө даяр болушубуз керек. АКШ менен Евробиримдик Борбордук Азияга карата үстүртөн караган мамилесин өзгөрткөн жок, биздин аймакты заманбап дүйнөнүн жунглиси деп эсептешет", — деген эксперт.
Ал БА республикалары экономикасынын өнүгүшүнө өбөлгө болчу мамлекеттер менен гана алака түзөрүн белгиледи.
Экономика илимдеринин доктору, Эл аралык изилдөөлөр ассоциациясынын өкүлү Станислав Ткаченко да геосаясат боюнча оюн билдирди.
Экономика илимдеринин доктору, Эл аралык изилдөөлөр ассоциациясынын өкүлү Станислав Ткаченко
© Фото / пресс-служба МДК "Валдай" / Алена Борисова
"Азырынча америкалыктар Борбор Азияны Кытай жана Россияга каршы тура турган дагы бир багыт катары колдонуу идеясынан баш тарта элек. Алардын регионго "түстүү ыңкылаптын" демөөрчүсү болуп же диний экстремисттик уюмга колдоо көрсөтүп келүү кооптуулугу бар. Мындай жагдай куралдуу кагылышуу коркунучун жаратат", — деди Ткаченко.
Ал Вашингтондун мындай аракети Москва же Пекиндин региондогу беш мамлекет менен кызматташуусунун натыйжасында "өз убагында буула турганын" белгиледи.
Орчундуу билдирүүлөр
Москва кыргыз-тажик чек ара талашынын тез арада чечилишин колдоп, бул багытта жылыш бар экенин кубануу менен белгилейт (Михаил Галузин).
АКШ менен анын кол алдындагылардын региондогу таасири 2021-жылдын августунан кийин акыркы он жылдыкта болуп көрбөгөндөй төмөнкү деңгээлге түштү. Мындай жагдайды ири регионалдык держава болгон Индия, Иран, Түркия пайдаланууга аракет жасайт (Станислав Ткаченко).
Түштүк жана Чыгыш заманбап процесстерге америкалык борборлоштурулган позициядан туруп баа берүүдөн тажап бүттү. Борбор Азиянын эли регионду Америка жамааттык Батыштын геосаясий, геоэкономикалык жана геомаданий кызыкчылыктары үчүн колдонуусун каалабайт (Рустам Хайдаров).
Кытайдын Борбор Азияга кызыгуусу стратегиялык маанайда болгондуктан кооптуулук жаратпайт. Кытай АКШ менен тиреш күч алып жатканына байланыштуу өзүнүн экономикасын стресске туруктуу кылуу үчүн аракет жасоодо. Буга байланыштуу Кытай үчүн Борбор Азиянын транспорттук жолдоруна, рыногуна жана сырьесуна чыгуу өтө маанилүү. Пекинге стабилдүү жана достук мамиледеги Борбор Азия керек (Станислав Ткаченко).
Кээ бир Борбор Азия өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларга кошулууга даяр, бирок алар Москва менен байланышын жасалма түрдө үзүү олуттуу зыян алып келерин түшүнөт (Михаил Галузин).
Борбор Азия мамлекеттеринин студенттери үчүн россиялык жогорку окуу жайларда 2023–2024-окуу жылына карата квоталар көбөйдү. Мисалы, кыргызстандыктарга 200 орун кошулду. Бүгүнкү күндө РФте Борбор Азиядан келген 185 миң студент окуп жатат. Россиялык бюджеттин эсебинен 68 миңи билим алууда (Михаил Галузин).