Радио

Сыдыкназарова: быйыл 185 миӊге жакын бүтүрүүчү мектепти аяктайт

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги билим берүү саясаты жана китеп чыгаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова "Акыркы коңгуроо" салтанатын өткөрүү тартиби тууралуу айтып берди.
Sputnik
2022-2023-окуу жылында 185 миӊге жакын бүтүрүүчү мектепти аяктайт. Алардын коопсуздугун сактоо жана "Акыркы коңгуроо" салтанатын тынч өткөрүп алуу үчүн чаралар көрүлө баштады. Бул тууралуу Кылым Сыдыкназарова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул күндөрү билим берүү жайларынын айланасында укук коргоо кызматкерлери күнү-түнү күзөттө турушат.
"Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында "Акыркы коңгуроо" салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салган буйрук чыгарды. Ага ылайык, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте окуучулардын өздүк коопсуздугун камсыздоодо ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш. "Акыркы коңгуроону" өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт. Буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт. Бүтүрүү кечесине акча чогултууга бул сапар да тыюу салынды. Ошону менен катар бул күнү мектептин айланасында ачык күйүүчү, пиротехникалык жана башка травматикалык заттарды колдонууга уруксат берилбейт. Жашы жете электерге спирт ичимдиктерин саткандар тыкыр текшерилип, окуучу, ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Расмий иш-чаралар аяктаган соң милиция кызматкерлери эс алуу жайларында, балдар аянтчаларында, кафе, ресторан, сейил бактарда кызмат өтөшөт. Бул күндөрү ата-энелер кайдыгер болбой балдарын жакшылап көзөмөлгө алышын суранам", — деди Сыдыкназарова.
Ал салтанаттуу иш-чарадан кийин балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчиликти ата-эне аларын кошумчалады.