Садыр Жапаров Токаевди 70 жылдыгы менен куттуктап кат жолдоду

Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 70 жылдык мааракесине байланыштуу куттуктоо кат жолдоду.
"Сизди 70 жылдык мааракеңиз менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз тарап достукка, ынак коңшулукка жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон жеке салымыңызды жогору баалайт жана кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө чоң маани берет", — деди Жапаров.
Өлкө башчы Касым-Жомарт Токаевге бекем ден соолук жана алдыга коюлган бардык максаттарды ишке ашырууда ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өнүгүү каалады.
Садыр Жапаров биринчи айым менен Кытайга учуп кетти. Делегациянын курамы