БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм маселесин изилдеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
"Тема акыркы убакта коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы жүктөлдү", — деп жазды Султанбаев.
Эскерте кетсек, парламенттин тармактык комитетинде Чаткал районунун каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21,7 миллион сом төлөп берүү маселеси талкууланып, депутаттардын нааразычылыгын жараткан.
Башкы прокуратура "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдын 74-беренесине таянып жатканын айтып жооп берди. Ага ылайык, кызматкер кызмат өтөө мезгилинде жарадар болсо, жаракаттын же ооруга чалдыгуунун кесепетинен каза тапса, анын үй-бүлөсүнө акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебиндеги 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнөт. Бул укук коргоо органдарына, тактап айтканда, прокуратура, УКМК, ИИМ, Бажы кызматы, Салык кызматы, Жаза аткаруу кызматы өңдүү мамлекеттик органдарга тиешелүү экени белгиленип, мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алганы айтылган. Башкы прокуратура соңку 20 жылдан 21 миллион сом төлөнүп берилген эки учур болгонун билдирди.