Радио

Мураталиев: кыргыз тилин өнүктүрүш үчүн системалуу иштер керек

"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн жаратмандык керектигин айтты.
Sputnik
Тилди таңуулап эмес муктаждык жаратуу менен үйрөтүү керек. Ошондо жыйынтыгы мыкты болот. Мындай пикирин Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыз тилин чет элдиктерге жана башка этносторго үйрөтүү программалары иштелип чыгышы зарыл.
"Улуу кыргыз дөөлөтү доорунда Кытай империясында кыргыз тили ордо тили болгондугун кытайлык окумуштуулар айтып чыгышты. Демек, муктаждык жаралган. Азыркы учурда деле ушундай деңгээлге жеткирүүгө болот. Ошол эле кытай эли учурда өз тилин жайылтуунун туруктуу механизмин иштеп чыккан. Алар сырттан келген бардык терминдерди өз тилине которуп, колдонушат. Жыйынтыгында алар менен экономикалык, маданий жана башка байланыштарды түзүүдө кытай тилин үйрөнүүгө же котормочу алууга зарылчылык жаралат. Бул үчүн, албетте, экономика да күчтүү болушу шарт. Өндүрүш иштеп турса, бардыгы жергиликтүү элдин тилинде жазылса, терминдер которулса, окумуштуулар айтып жаткан тилдин корпусу түзүлүп, кыргыз тилин жазуу, колдонуу эрежелери иргелсе иш алдыга жылат. Муну менен катар эле чет элдиктерге жана Кыргызстандагы башка улуттун өкүлдөрүнө мамлекеттик тилди үйрөтүүдө кызыктуу, жеңил программалар иштелип чыгышы керек. Бизде учурда башка тилдерди үйрөткөн эффективдүү курстар бар экен, бирок кыргыз тилин окуткан мындай борборлордун жоктугу өкүндүрөт", — деди Мураталиев.
Ал муктаждык жаралмайын канча каражат коротулса да тилди өнүктүрүү аракеттери ишке ашпай турганын кошумчалады.