Шалаакы болбо! ӨКМ сууга чөгүүдөн сактоочу эрежелерди эскертти

ӨКМ кыргызстандыктарды этият болууга чакырып, суу шалаакылыкты кечирбей турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күн ысыганына байланыштуу сууга чөгүп кетүү тобокелчиликтерин эскертип, коопсуздук эрежелери тууралуу айтып берди.
ӨКМ сунуштаган эреже:
Көлмө, жасалма көлмө, канал, дарыя сыяктуу сууга түшүүгө жана массалык эс алууга ылайыкташтырылбаган жайларда сууга түшүүгө болбойт;
Спирт ичимдиктерин ичүүгө жана сууга мас абалында түшүүгө тыюу салынат;
Сууга чумкуганга, секиргенге тыюу салынат деген жазуулары бар суу объектилерине түшүүгө болбойт;
Бассейн, дарыя, канал, көлмөлөрдүн жанында балдарды кароосуз калтырбагыла;
Саздак, баткак жана балырлуу жерлерде сууга түшүү кооптуу;
Скутерлерге, парустуу, моторлуу кайыктарга, сууда көңүл ачуучу техникаларга сүзүп барууга тыюу салынат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандыктарды этият болууга чакырып, суу шалаакылыкты кечирбей турганын белгиледи.
Ысык-Көлдү тазалап иштеген суучул эс алуучуларга кайрылды