БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Садыр Жапаров биринчи айым менен Кытайга мамлекеттик сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаров менен анын жубайын Кытайдын маданият жана туризм министри Ху Хэпин тосуп алды. Конокторго ошол жерден кыскача концерттик программа көрсөтүлдү.
Сиань шаарындагы "Сяньян" эл аралык аэропортунда килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.
18-майдан 20-майга чейин созула турган сапардын жүрүшүндө КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда.
Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Кытай элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин, КЭРдин башка расмий өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсү менен жолугушуулары пландалууда.