Садыр Жапаров биринчи айым менен Кытайга учуп кетти. Делегациянын курамы

Мамлекет башчысы сапардын алкагында "Кытай — Борбор Азия" саммитине катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы сапардын алкагында "Кытай — Борбор Азия" саммитине катышат.
18-майдан 20-майга чейин созула турган сапардын жүрүшүндө КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Алар кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашат.
Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Кытай элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин, КЭРдин башка расмий өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсү менен жолугушуулары пландалууда.
Расмий делегациянын курамындагылар:
Айгүл Жапарова – президенттин жубайы;
Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;
Муратбек Азымбакиев - президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Актилек Мусаева – Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
Айбек Жунушалиев – президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
Азамат Осмонов — президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси;
Аскарбек Жаныбеков — айыл чарба министри;
Алтынбек Максүтов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Талантбек Иманов — санариптик өнүктүрүү министри;
Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министри;
Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
Таалайбек Ибраев — энергетика министри;
Умбриэль Темиралиев — президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
Самат Исабеков — Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Эмилбек Абдыкадыров — Бишкек шаарынын мэри;
Бакытбек Жетигенов — Ош шаарынын мэри.
Жапаров: азыр алынып жаткан грант, кредиттердин ар бир тыйыны көзөмөлүмдө