Радио

Саясат таануучу: Кыргызстандагы коопсуздукту камсыздоодо Россиянын орду чоң

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев президент Садыр Жапаровдун Россияга жасаган мамлекеттик иш сапарынын мааниси тууралуу пикирин билдирди.
Sputnik
Президент Садыр Жапаровдун Россияга мамлекеттик визит менен барышынын мааниси чоң. Мындай пикирин Токтогул Какчекеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекет башчынын Россияга иш сапарын мааракеге чакыруу катары сыпаттаган туура эмес.
"Россияда кыргыз диаспорасы Ржевде биздин жоокерлердин эрдигин даңазалаган айкел орнотту. Мына ошого президент гүлчамбар койгону көп нерседен маани берет. Экинчи жагынан президент менен барган делегация мүчөлөрү, министрлер ар ким өз тармагы боюнча социалдык, саясий, экономикалык, финансы, коопсуздук жана башка багыттарда бир катар документтерге кол койду. Кыргыз мигранттарына башкаларга салыштырмалуу Россияда жеңилдиктер каралган, ошону мындан ары дагы жакшыртуу боюнча кеңири кеп болду. Мындан тышкары, террордук коркунучтардын алдын алуу багытында аракеттер айтылды", — деди Какчекеев.
Ошондой эле ал Кыргызстандагы коопсуздукту камсыздоодо Россиянын орду чоң экенин кошумчалады.