Нарында "Социалдык келишим" долбоору менен 577 үй-бүлө ишкерликти баштады

Облус башчысы соода-сатык жана бут кийим оңдоочу күркөлөр жайгашкан жер аянттары үчүн ижара акы албай турууну Нарын мэриясына тапшырган.
Sputnik
НАРЫН, 17-май – Sputnik. Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов Нарын шаарындагы "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 100 миң сомдон алып иш баштаган үй-бүлөлөр менен жолукту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов Нарын шаарындагы "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 100 миң сомдон алып иш баштаган үй-бүлөлөр менен жолукту

2 / 4

Белгилүү болгондой, быйыл аз камсыз үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жакшыртуу максатындагы "Социалдык келишим" долбоору менен Нарын облусундагы 577 үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилген

3 / 4

Анын ичинде Нарын шаарынан 40 үй-бүлө аталган каражатты алып, жеке ишердик баштаган

4 / 4

Облус жетекчиси тигүүчү цех, ашкана, бут кийим оңдоочу ишкана ачып кадимкидей киреше таап жаткан үй-бүлөлөр менен баарлашып, көйгөйлөрүн сураган.

Белгилүү болгондой, быйыл аз камсыз үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жакшыртуу максатындагы "Социалдык келишим" долбоору менен Нарын облусундагы 577 үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилген. Анын ичинде Нарын шаарынан 40 үй-бүлө аталган каражатты алып, жеке ишердик баштаган.
Облус жетекчиси тигүүчү цех, ашкана, бут кийим оңдоочу ишкана ачып кадимкидей киреше таап жаткан үй-бүлөлөр менен баарлашып, көйгөйлөрүн сураган. Буга чейин айына 3-5 миң сом пособие алган үй-бүлөлөр ишкердиктин натыйжасында алды айына 25 миң, арты 15-16 миң сомго чейин каражат таап жатышканын айтып, ыраазылыгын билдирген.
Облус башчысы ишкерлерге бардык маселелерде жардам берерин айткан. Соода-сатык жана бут кийим оңдоочу күркөлөр жайгашкан жер аянттары үчүн ижара акы албай турууну шаардык мэрияга тапшырган. Ошондой эле колдоо катары жаңы ачылган дүкөнүнөн соода кылып, ашканадан даам сызган.
"Социалдык келишим" долбоору үч жылга эсептелген, бул аралыкта акча алган үй-бүлөлөр жеке бизнесин түптөп, жөлөк пулга муктаж үй-бүлө категориясынан чыгышы шарт. Мындан сырткары, ишкердикти кеңейтебиз деген үй-бүлөлөр патент алып салык төлөп турушса, 250 миң сомдон 1 миллион сомго чейин үстөксүз насыя ала алышат.
Нарында туризмди өнүктүрүү боюнча форум өттү. Сүрөттөр