Муфтият Дмитриевкада медресе курчоого алынды деген маалыматты четке какты

Медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Дмитриевка айылындагы атышууда медресе курчоого алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн таңда атышуу болуп ИИМ менен УКМКнын атайын бөлүктөрү куралдуу террорчуну кармоо боюнча операция жүргүзгөн. Ал каршылык көрсөтүп, натыйжада күч түзүмдөрүнүн эки жоокери жарадар болуп, согушкер жок кылынган.
"Атышууда медресе курчоого алынды делген маалымат чындыкка туура келбейт. Окуя Дмитриевка айылындагы "Зулкарнайн" кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда катталган. Ал эми медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлүп, бул жаатта тиешелүү органдар иш алып барууда", — деп айтылат кабарда.
Sputnik Кыргызстан тексттик трансляция жүргүзүүдө.
Дмитриевкадагы атышуу. ИИМ террорчу жок кылынганын айтты