БИШКЕК, 17-май — Sputnik. УКМК Токтогул районунда (Жалал-Абад облусу) Гемодиализ борборун куруу үчүн акча алып, качып кеткен кишини кармады.
"Былтыр октябрда "Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын Токтогул районунун жана Жазыкечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы" мамлекеттик мекемеси Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун аймагына жалпы суммасы 15 миллион 941 миң 684 сомго гемодиализ борборун курууга тендер жарыялаган. Анда тендердин жыйынтыгы боюнча сунушталган 12 миллион 907 миң 508 сом менен "А.С.С." ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Аталган мекеменин директору А.А.Б. аттуу кишинин эсебине 7 миллион 781 миң сом түшкөн. Ал 2022-жылы курулуш иштеринин 10 пайызын бүтүрүп, дайынсыз жоголгон", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, андан тышкары аталган дирекциянын ишин текшерүү башталган.