Гагауз облусунун башчысы бюллетень чыры боюнча видео жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 17-май – Sputnik. Молдованын Гагауз автономдуу облусунун шайланган башчысы Евгения Гуцул Комрат сотунан түн жамынып кирип келип шайлоо документтерин алып кеткен күч түзүмдөрүнүн аракеттерин сындады.
Ал окуянын видеосун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
Атайын даярдыктагы Fulger ("Чагылган") отряды Гагаузиянын борборуна келип, жергиликтүү соттун имаратынан шайлоочулардын тизмеси салынган үкөктөрдү алып кеткен. Аскерлер пикетке чыккандарды четке сүрүп, документтерди кичи автобустарга жүктөп Кишинев тарапка багыт алган. Бул окуялар жергиликтүү элдин кыйкырык-чуусу, нааразылыгы менен коштолду.
"Санду (президент Майя Санду - ред.) күч түзүмдөрүнүн колу менен шайлоочуларыбыздын бюллетендерин уурдап кетти. Элдин тандоосуна каршы турган президентке жана анын жардамчыларына шылдың, уят", — деп жазган Гуцул өзүнүн Telegram каналына.
Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру 28-майда болору расмий жарыяланды