Эрдоган: дан келишими эки айга узартылды

Эрдоган Түркия келишимди толук ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын убада кылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Россия, Түркия, Украина жана БУУнун ортосундагы дан келишими эки айга узартылды деп жазат РИА Новости түрк лидери Режеп Тайип Эрдоганга шилтеме берүү менен.
Ал Владимир Путинге бул маселе боюнча Анкаранын демилгелерин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. Эрдоган Түркия келишимди толук ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын убада кылды.
Россия, Түркия, Украина жана БУУнун өкүлдөрү тарабынан 2022-жылдын 22-июлунда кол коюлган Кара деңиз дан демилгеси Одесса менен кошо үч порттон Кара деңиз аркылуу украин данынын, азык-түлүктүн жана жер семирткичтин экспортун камтыйт. Кеме кыймылын координациялоо Стамбулдагы биргелешкен координациялык борбор тарабынан ишке ашырылат.
Президент Владимир Путин Батыш Украина данынын көбүн Африкадагы муктаж өлкөлөргө эмес, өзүнө экспорттой турганын белгиледи. 2023-жылдын 18-мартынан тартып Россия келишимди 60 күнгө, 18-майга чейин узарткан, бирок Украина келишим 120 күнгө узартылганын айтып келет.
Кара деңиз дан демилгеси пакеттик макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Үч жылга эсептелген Россия — БУУ меморандумунун экинчи бөлүгү Россиянын азык-түлүк жана жер семирткичтердин экспортуна бөгөт коюуну, Россельхозбанкты SWIFT системасына кайра кошууну, айыл чарба техникаларын, запастык бөлүктөрдү жана кызматтарды берүүнү калыбына келтирүүнү, Тольятти — Одесса аммиак түтүгүнүн ишин калыбына келтирүүнү карайт.
Москвада белгиленгендей, пакеттик макулдашуунун бул бөлүгү аткарыла элек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын Куралдуу күчтөрү Николаевдеги ири ок-дары кампасына сокку урду