Дмитриевкадагы атышуудан жарадар болгон жоокерге операция жасалат

Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бүгүн Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылындагы атышуудан жаракат алган атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокерин операцияга даярдап жатышат. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан тасыктады.
Эске салсак, бүгүн таңда Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында террорчуну кармоо операциясы болуп, анда эки жоокердин жарадар болгону кабарланган.
Бирөөнүн жарааты жеңил экени айтылган, ал эми экинчи аскерди Улуттук госпиталга алып келгенин билдиришкен.
Ал эми куралдуу каршылык көрсөткөн кишини күч түзүмдөрү жок кылган.
Күлү эле калган. Дмитриевкада террорчунун сөөгү чыгарылган учурдун видеосу