Толук күйгөн. Дмитриевкадагы террорчу жашынган үйдүн асмандан тартылган сүрөтү

Жергиликтүү жашоочунун айтымында, ал үйүн кимге ижарага берип жатканын билген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары дрондун жардамы менен террорчу кирип кеткен Дмитриевкадагы үйдү сүрөткө тартып алды.
Жергиликтүү тургундун айтымында, ал үч күн мурда үйүн бейтааныш адамга ижарага берген. Турак жай атайын операция учурунда күйүп кетти.
Бүгүн УКМК менен ИИМ Дмитриевкада террорчуну кармоо үчүн атайын операция жүргүздү. Күч органдарына каршылык көрсөткөн согушкер жок кылынды. Алдын ала маалымат боюнча, ал Сириядагы согуштук аракеттердин катышуучусу катары укук коргоо органдарынын каттоосунда турган.
ИИМ бул боюнча кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалады.
Sputnik Кыргызстан агенттиги окуя боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.
Күлү эле калган. Дмитриевкада террорчунун сөөгү чыгарылган учурдун видеосу