Радио

Өлкөдө балык чарбасы боюнча адистер жетишпей жатат

Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директору Ашырбай Жусупов ветеринария тармагын жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген лабораториялар керектигин айтты.
Sputnik
Советтер Союзу тарагандан кийин ветеринария тармагындагы адистердин жетишпестиги байкалууда. Алсак, өлкөдө балык чарбасы боюнча адистер, ихтиологдор жокко эсе. Бул тууралуу Ашырбай Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жыл сайын кыргызстандык ветеринарлар квалификациясын жогорулатуу үчүн Казакстан, Россияга барып окуудан өтүп келишет.
"Ветеринария тармагында дагы деле кадр маселеси аксап турат. Советтер Союзу тарагандан кийин ветеринария тармагындагы адистердин жетишпестиги байкалып келет. Алсак, өлкөдө балык чарбасы боюнча адистер, ихтиологдор абдан аз. Жыл сайын кыргызстандык ветеринар адистер квалификациясын жогорулатуу үчүн Казакстан, Россияга барып окуудан өтүп келишет. Бизде балык өндүргөн чарбалардын саны өсүп жатканы кубандырат. Бирок жаңы технологияларды колдонуу жагында дагы иш алып баруу керек. Кыргызстанда өстүрүлгөн балык органикалык талаптарга жооп бергендиктен чет өлкөлүк компаниялардын кызыгуусу күчөп жатат. Мындан тышкары, эл аралык стандарттарга жооп берген лабораториялардын санын көбөйтүү учурдун талабы болуп турат", — деди Жусупов.
Ошондой эле адис балык чарбаларын иштеткен ишкерлер балык оорулары боюнча окутуудан өтүп турарын кошумчалады.