Жарандардын саламаттыгы тууралуу санарип маалымат "Түндүк" порталына жайгаштырылды

Эми лабораториялык анализдерди, дарылануу китепчесин телефон аркылуу эле көрсө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстандыктардын медициналык китепчеси санариптештирилип, саламаттыгы тууралуу маалымат "Түндүк" мамлекеттик порталына жайгаштырылганын саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдирди.
Бул үчүн жарандар порталдан жеке кабинет аркылуу "Ден соолуктун санарип профили" бөлүмүнө кириши керек. Ал жерде кайсы бейтапканада катталганы, чылым чеккен-чекпегени, майыптыгынын бар-жогу көрсөтүлөт. Ошондой эле вакцина алганы, ПЦР-анализдери, ооруканада дарыланып чыкканы, лабораториялык анализдери жана камсыздандырылганы тууралуу маалымат жайгаштырылган.
"Биринчи санарип медициналык китепче эми сиздин телефонуңузда. Андагы маалыматтар юридикалык күчкө ээ. Биз жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн саламаттык сактоо системасындагы бардык маалыматтарды бир тиркемеге топтоо үчүн иштеп жатабыз", — деди Жангазиев.
Белгилей кетсек, "Түндүк" электрондук порталын колдонуу үчүн жарандар Калкты тейлөө борборунан электрондук кол тамга алышы шарт.
Кыргызстандыктар эми каалаган бейтапканага барып катталса болот