Садыр Жапаровдун Кытай сапарында кимдер менен жолугары айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын программасы тууралуу маалымат таратты.
Өлкө башчы Кытайга 18-20-майда барат. Сапардын алкагында Кытай — Борбор Азия саммитине катышат.
КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөр пландалууда. Алар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулашат. Жапаров ошондой эле Мамлекеттик кеңештин премьери Ли Цян, Кытай элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жана КЭРдин башка расмий өкүлдөрү, бизнес чөйрөлөрү менен жолугушат.
Жапаров каржы пирамидасын жарнамалагандарды жазалоо мыйзамына кол койду