Жапаров: азыр алынып жаткан грант, кредиттердин ар бир тыйыны көзөмөлүмдө

Президенттин айтымында, мурда миллиарддап алынган кредиттердин көпчүлүгүнүн дайыны жок.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Азыр алынып жаткан насыя, гранттар максаттуу жумшалып бир тыйыны текке кетпей көзөмөлүмдө турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчы учурдагы насыялардын көпчүлүгү мурда макулдашылган келишимдердин негизинде түшүп жатканын белгиледи. Ал каражат экономиканы өнүктүрүүгө багытталган приоритеттүү долбоорлорго жумшалууда.
"Жөнөкөй тил менен айтканда, мурда карызы көп бюджети аз өлкө болсок, азыр мамлекеттин бюджети эки эсе көбөйдү. Ачыгын айтыш керек, гранттарды, алынган кредиттерди максаттуу жумшабай, жарымын иштетип, жарымы уурдалып кеткен учурларды билебиз. Мурда алынган кредиттерге завод-фабрикалар, ири киреше алып келе турган ишканалар курулганда, азыр анын жемишин көрмөкпүз. Тилекке каршы, миллиарддап алынган кредиттердин көпчүлүгүнүн дайыны жок, карыздын үстүнө карыз болуп үйүлүп келе берген", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент бүгүнкү күндө экономика кубаттуу болуп калганын, мамлекеттин ички дүң продукциясынын көлөмү быйыл 1 триллиондун тегерегине жетсе, 2027-жылга 2 триллиондон ашары болжолдонуп жатканын кошумчалады.
Садыр Жапаров карыздан эмнеге азыр кутулуп салса болбой турганын айтты