БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram каналына Чехияда уурдаткан айгырын украиналык атайын кызматтын ортомчулугу менен кантип кайрадан сатып алгандыгын жазды.
Ал Зазу деген атын Чехиядан уурдатып жибергенин мартта билдиргенин, жылкы 2014-жылы антироссиялык санкциянын каарына кабылганын белгиледи. Тагыраагы, ат Кадыровдун сыртка чыгарылбай турган мүлкүнүн катарына кошуп жазылган.
"Жылдын башында ортомчулар аркылуу мага украиналык атайын кызматтын өкүлдөрү чыгып, Зазуну сатып алууну сунушташты. Алар бул жылкыга жакын экенимди билишкен, чындыгында жаңылган жок, мен макул болдум. Ачыгын айтсам, Зазуну расмий эле беришет, тагыраагы, санкцияны алат же башка ыкмалар менен келет деген ойдо болдум. Бирок атайын кызматтын башкача планы бар экен. Алар Чехиядагы полиция кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, атканадан жылкыны уурдап кетишти деген сценарий менен иштешиптир. Эсиңиздерге сала кетейин да, мындай кымбат жылкы кантип эле жөн жерден жок болуп кетсин. Көрсө, мүмкүн экен. Азыр айгырды үйгө алып келе жатышат. Атымды кайра кайтарып алыш канча акча турду дебейсизби... 18 миң доллар!" — деп жазды Кадыров.
Мурда ал Зазунун канча турарын билдирген, аймактын жетекчисинин айтымында, он миллион доллардан кем турбайт.
"Достор, андыктан Европадан бир нерсе алып келиш керек болсо украиналык атайын кызматка кайрылгыла. Тез, анча кымбат эмес, кесипкөйлүк менен санкцияны айланып өтүп алып келип берет!" деп кошумчалаган Чеченстандын башчысы.