Бишкектеги №99 кесиптик лицей Президенттин алдындагы IT академия болуп өзгөрөт

Академияда Кыргызстандын бардык аймагынан келген балдар окуйт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы №99 кесиптик лицей Президенттин алдындагы IT академиясы болуп өзгөрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган академияда Кыргызстандын бардык аймагынан келген балдар окуйт. Министр Каныбек Иманалиев жакында мамлекет башчынын ал тууралуу буйругу чыга турганын айткан.
"Башталгыч кесиптик билим берүү системасы — мамлекеттин келечеги болгон жаштардын кесипкөй адис катары калыптанышында чечүүчү ролду ойнойт. Кесипке сапаттуу даярдоо аркылуу калктын экономикалык жактан активдүү бөлүгүнүн билим деңгээлин, шык-көндүмдөрүн жогорулатууга, бүтүндөй экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жол ачылат", — деди министр.
Бүгүн борбор калаада "Сапаттуу кесиптик окутуу жана билим берүү – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи" аталышындагы эл аралык форум өткөн.
Чолпон-Атада таланттуу балдар үчүн президенттик мектеп кантип курулуп жатат