Лукашенко бир жумадан бери биринчи ирет эл алдына чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Ооруп калганы тууралуу маалыматтардан кийин Беларусь лидери Александр Лукашенко биринчи ирет элдин алдына чыкты. Анын кадимкисиндей эле иштеп жатканын көрсөткөн сүрөт жана видео "Пул Первого" Telegram каналына жүктөлгөн.
"Бүгүн Аскердик-аба күчтөрү менен Абадан коргонуу күчтөрүнүн командалык жайында иштеп жатат. Абадан коргонуу боюнча аскердик тапшырманын аткырылышы жана иштин жүрүшү боюнча докладды угат", – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Лукашенконун Беларустун гербин, гимнин жана туусун майрамдоо күнүнө арналган салтанатка катышпаганы кабарланган. Мындан сырткары, ал Москвада, Минскиде болгон 9-Майды майрамдоо боюнча иш-чаралардан да көрүнгөн эмес.
Беларуста мамлекетке чыккынчылык кылган аткаминерлер өлүм жазасына тартылат