Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Ланцет-3" аппаратынын каршылаштын техникасын талкалаган видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Россиялык "Ланцет-3" деп аталган камикадзе дрондор Украинанын куралдуу күчтөрүнүн артиллериясын иштен чыгарып жатканын Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жазды.
Канал кезектеги видеону жарыялаган.
"Бул сапар "Ланцет-3" чехиялык RM-70 Vampire 4D системасын бутага алып, жарактан чыгарды", — деп жазылган маалыматта.
Россиялык жоокерлер каршылашты жок кылуу үчүн жаңы ыкмаларды, анын ичинде сокку уруучу пилотсуз учактарды да пайдаланууда.
Саатына 110 чакырым ылдамдыкта жүргөн 12 килограммдык "Ланцет-3" үч килограмм пайдалуу жүк көтөрүп жүрүүгө жөндөмдүү. Ал эми пилотсуз учкан "Ланцет" беш килограммга жакын, техника 60 мүнөткө чейин учуп жүрө алат. Сокку уруу үчүн кумулятивдик ок-дары пайдаланылып келет. "Ланцет" атылганда бутага тиер алдында жарылып, толкуну анын басымдуу бөлүгүн каптап калат. Модернизацияланган "Ланцеттин" канаты, куйругу Х сындуу келип, аэродинамикасы абдан күчтүү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Солнцепёктун" аткан жана мээлеген жерге тийген видеосу жарыяланды