БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кытайдын Борбор Азияга болгон кызыгуусу аймак үчүн кооптуулук жаратпайт. Ал эми кызматташуу КЭР үчүн өтө маанилүү. Бул тууралуу Эл аралык изилдөөлөр ассоциациясынын өкүлү, экономика илимдеринин кандидаты Станислав Ткаченко "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун Томск шаарында өтүп жаткан III борбор азиялык конференциясынын отурумунда айтты.
"Кытайдын Борбор Азияга кызыгуусу стратегиялык маанайда болгондуктан кооптуулук жаратпайт. Кытай АКШ менен тиреш күч алып жатканына байланыштуу өзүнүн экономикасын стресске туруктуу кылуу үчүн аракет жасоодо. Буга байланыштуу Кытай үчүн Борбор Азиянын транспорттук жолдоруна, рыногуна жана сырьесуна чыгуу өтө маанилүү. Пекинге стабилдүү жана достук мамиледеги Борбор Азия керек", — деди Ткаченко.