Радио

Режиссер: аялы менен күйөөсү урушкан кинолорду тартканды токтотуш керек

Режиссер, документалист Бегим Жолдубай кызы Түркияда магистратураны аяктап жатканда дипломдук иши үчүн "Кыргыз аялдарынын образы кинодо" деген макала жазганын айтты.
Sputnik
Кыргыз тасмаларында аялдын образы көп учурда "курмандык" катары чагылдырылып келе жатканын Бегим Жолдубай кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көрүүчүлөр, өзгөчө жаш кыздар кинодогу кыз-келиндердин образынан таасир алышат.
"Түркияда магистратурадагы дипломдук ишим үчүн кыргыз тасмаларындагы аялдардын образын анализдедим. Жыйынтыгында бизде кыз-келиндер кинодо көп учурда "курмандык" катары берилери белгилүү болду. Мындай көрүнүш жалпы эле көрүүчүлөргө, өзгөчө жаш кыздарга терс таасир берип жатат. Аны көргөн кичинекей кыздар чоңойгондо ушунтип күйөөдөн таяк жеп же кайненеден жаман сөз угат экенмин деп өздөрүн чектөөдө. Ошондуктан кыргыздын кыйын кыздары тууралуу фильмдерди көбөйтсөк, өспүрүм кыздар да андан өрнөк алмак. Көрүүчүлөргө дем берген, тилибизди, маданиятыбызды даңазалаган долбоорлорду көбөйтүү зарыл. Аялы менен күйөөсү урушкан кинолорду тартканды токтотуш керек. Аял же кыздардын орду боюнча сөз кылганда эле биздин коомдо феминист деп чыгышат. Бул туура эмес. Мисалы, мен азыр кыргыз аялдарынын орду боюнча, биздин аялдарды барктоо боюнча айтып жатам. Тарыхыбызга кайрылсак, Курманжан датка, Жаңыл Мырза сыяктуу күчтүү аялдар көп, ошол каармандар жөнүндө көбүрөөк кино тартуу бүгүнкү күндө абдан маанилүү", — деди Жолдубай кызы.
Ал ошондой эле кыргыз тасмаларында баш каарманды көпчүлүк учурда эркектер ойной турганын кошумчалады.