Бишкекте компаниянын кеңсесинен 3500 доллар, 120 миң сом уурдалган. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Борбор калаадагы курулуш компаниялардын биринин кеңсесинен 3 500 доллар, 120 миң сом уурдоого эркек киши шектелип жатканын Ленин райондук РИИБден билдиришти.
Окуя 20-апрелде түштөн кийин Киев көчөсүндөгү имаратта болгон. Чыгым 429 миң сомду түзгөн. 42 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Ошто банкоматтарды талкалап, акча уурдап жүргөн деп эки киши кармалды. Сүрөт