Иш учурунда көз жумган прокурорго 21 млн. сом төлөнүшүнө депутаттар нааразы болушту

Прокурор Жанузаков 2022-жылдын июль айында жол кырсыгынан каза болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Чаткал районунун каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21,7 миллион сом төлөнүп берилет. Бул тууралуу Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди.
Финансы министрлиги менен Башкы прокуратура депутаттардан төлөмдү бекитүүнү суранган. Мыйзамга ылайык, прокурор кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон учурда маркумдун үй-бүлөсүнө анын 20 жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнүп берилет. Бул болжол менен 21 миллион сомду түзөт.
Бирок бул мыйзам кээ бир депуттарды таң калтырып, нааразычылыгын да жаратты.
"Биз мектепке 5 миллион сом таппай жатабыз. Бул элдин акчасы да... Мен каршы эмесмин, бирок таң калып жатам", — деди депутат Камила Талиева.
Ал эми депутат Надира Нарматова прокуратура менен сот органдары мыйзамдарды аша чаап өздөрүнө тууралап алганын айтты.
"Азыркы сумманы көрүп эсиң оойт. Прокурор болуп туруп өлгүң келет. Эми прокурорлордун өмүрүн тилейт окшойбуз. Соттор мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыкканда бир жылдык айлыгын — 800 миң сом алат. Мугалимдер болбогон 2-3 миң сомго пенсияга чыгат. Бул теңсиздик, мыйзамды өзгөртүш керек", — деди Нарматова.
Прокурор Жанузаков 2022-жылдын июль айында Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан каза болгон. ЖМКлардын жазганына караганда, прокурор түшкөн автоунаа Чаткал — Кара-Буура жолунда аласалып кеткен. Маалыматта автоунаанын ичинде сегиз киши болгону, башкалары жаракат алып ооруканага түшүп, Жанузаковдун көз жумганы айтылган. Алар Бишкектен бара жатканы маалым болгон.
Саунада жарым жылаңач кыздар менен отурган милиционер кызматтан бошотулду