Кадамжайдагы айыл өкмөттө 624 гектар жер ой келди калчанган деп иш козголду

Мыйзамсыз берилген жердин баасы 1 миллиард 63 миллион сомго бааланды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн Д.Д.М., К.А.С. жана Т.А.С. аттуу кызматкерлери 624 гектар жерди махинациялык жол менен сатууга айыпталууда. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн Д.Д.М., К.А.С. жана Т.А.С. аттуу кызматкерлери 624 гектар жерди махинациялык жол менен сатууга айыпталууда

2 / 5

Билдирмеге караганда, жеке турак жай курууга трансформацияланбаган жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") негизинде иш козголуп, айыл өкмөтүнүн 2016-2023-жылдар аралыгындагы ишмердүүлүгү текшерилген

3 / 5

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

4 / 5

УКМК буга чейин ушул эле Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси К.А.С. жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берүү үчүн мурда алган 106 миң сом паранын 50 миңин кайтарып берүү учурунда кармалганын эскертти

5 / 5

Ага карата "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Билдирмеге караганда, жеке турак жай курууга трансформацияланбаган жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") негизинде иш козголуп, айыл өкмөтүнүн 2016-2023-жылдар аралыгындагы ишмердүүлүгү текшерилген.
Жасалган махинациялар:
Кадамжай райондук Жер мунапысы боюнча комиссия менен сүйлөшүп алып 600,53 гектар жерди мыйзамдаштырууга арыз беришкен, иш жүзүндө анын аянты 624 гектарды түзгөн;
Анын 61,37 гектары мыйзамсыз токтом чыгаруу менен берилген;
Алты гектар жер тилке Д.Д.М. жана анын жакын байланышы бар 12 адамга белекке тартууланган;
Мунапыс боюнча комиссия менен макулдашып 556,63 гектар жерди жергиликтүү тургундар өз алдынча ээлеп алды катары киргизип, үй ээлери бар экендиги тууралуу жасалма маалыматтарды көрсөтүшкөн;
Көз карандысыз эксперттин корутундусуна ылайык, мыйзамсыз берилген 624 гектар жердин баасы 1 миллиард 63 миллион сомго бааланды;
Анын ичинен мыйзамсыз токтомдун негизинде берилген 61,37 гектар жер 103 миллион 743 миң 145 сомду түзөт.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК буга чейин ушул эле Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси К.А.С. жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берүү үчүн мурда алган 106 миң сом паранын 50 миңин кайтарып берүү учурунда кармалганын эскертти. Ага карата "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
165 млн. сомго бааланган жер тилке... Бишкектеги аткаминерлердин алешемдиктери