УКМК "Эркеч-Тамда" жүк ташуучулардан акча чогулткан 2 компанияны аныктады. Видео

Салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке келтирилген 14 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурулду.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Ош облусунда "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу кыргыз-кытай чек арасынан жүктөрдү тоскоолдуксуз жана кезексиз ташып өтүү үчүн мыйзамсыз акча чогулткан эки компаниянын иши токтотулду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Анда "Д" ЖЧКсы жана "А" акционердик коому чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып системалуу түрдө оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенгени айтылат.
"Жогоруда аталган схема менен ар бир айдоочудан кезекке туруу үчүн 1000 сомдон алынып турган. Ага ылайык, "Эркеч-Там" пункту аркылуу жүк ташууга уруксат берилген жана контейнерлерди, жабдууларды кайра жүктөө үчүн кран колдонууга 100 доллардан талап кылган. Коррупциялык схеманы жоюу боюнча көрүлгөн чаралар жүк ташууну көбөйтүүгө, жүк ташуу акысын төмөндөтүүгө жана жасалма түзүлгөн монополиялык шарттарды жоюуга мүмкүндүк берди. Салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке келтирилген 14 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурулду", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматкерлерине карата тергөө иштери уланууда. УКМК мамлекеттик мекемелерде коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча аракеттерди улантып жатканын эскертти.
Күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу схемасын калкалаган деп салыкчылар кармалды. Видео