Эксперт: Батыш сунуштаган транспорт долбоорлорунан Борбор Азия абайлашы керек

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Борбор Азиянын мамлекеттери АКШ жана Европа биримдиги сунуштаган транспорт долбоорлорунун алды-артын карап, байкап мамиле кылышы зарыл. Бул туурасында Эл аралык изилдөөлөр ассоциациясынын өкүлү, экономика илимдеринин кандидаты Станислав Ткаченко "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун Томск шаарында өтүп жаткан "Россия жана Борбордук Азия: өзгөрүп жаткан дүйнө менен өз ара ымалада болуу" деп аталган III борбор азиялык конференциянын отурумунда айтты.
"Борбор Азиянын мамлекеттери өзүнүн транспорттук-логистикалык үлүшүнө ээ болуу үчүн АКШ жана Европа кеңеши сунуштаган транспорт долбоорлорду (ТРАСЕКА жана "Ортоңку коридор") карап, байкаштырып, сын көз менен баа бериши керек. Экономикалык өнүгүүгө өбөлгө боло турган реалдуу долбоорлорго басым жасоо зарыл. Бул жерде мен Борбор Азиянын беш мамлекетинин экономикалык биригүүсүн шарттаган, маанилүү коңшулардан болгон — Россия, Кытай жана Иран менен транзитин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн жараткан транспорттук коридор тууралуу айтып жатам", — деди Ткаченко.
ТРАСЕКА (Transport Corridor Europe — Caucasus —Asia) — ЕБ жана анын өнөктөш өлкөлөрүнүн "Европа — Кавказ — Азия" транспорттук коридорун түптөө боюнча эл аралык кызматташуу программасы.
"Ортоңку коридор" (Каспий аралык эл аралык транспорттук маршрут) Кытай менен Европанын (Кытай — Казакстан — Каспий деңизи — Азербайжан — Грузия — Түркия же Кара деңиз — Европа) аймагын бириктирет.
"Валдай" клубу: Москва кыргыз-тажик чек ара талашынын тез арада чечилишин колдойт