Энеге кичинесинде таарынган баланын жан дүйнөсү кандай өзгөрөт

Адис психологиялык жарааты бар адам жашоодогу кыйынчылыктарга оңой баш иерин айтат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бала кезинде энеге катуу таарынган адам психологиялык жаракат алып, кийин андан арылмайынча бактылуу үй-бүлө кура албай калышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине берген маегинде психология илимдеринин кандидаты, клиникалык психолог Артур Тимофеев айтты.
Адистин пикиринде, мындай көйгөй көпчүлүк учурда эне өзүнүн жашоосуна нааразы болуп, анысын баладан чыгарган учурда болот.
"Мисалы, кээ бир энелер балага "сени боюмдан алдырып салайын дегем" же "алдырып салсам болмок экен" деп айтышат. Мындай адамдар кийин өздөрү оңой менен балалуу боло албайт, коркот", — деди психолог.
Ошондой эле адис психологиялык жарааты бар адам жашоодогу кыйынчылыктарга оңой баш иерин айтат. Алар көпчүлүк учурда энесинин айткандарын эстеп, "өзүнүн алсыз, жолсуз экенин" бат мойнуна алат.
Сөзүнүн соңунда Тимофеев кишиге мындай абалдан өз алдынча чыгуу абдан татаал экенин, ага адистин жардамы зарыл болорун кошумчалады.
Кайсы учурда аялга үй жумуштары ырахат тартуулайт? Жооп