ЕАӨБ Борбор Азия өлкөлөрү үчүн негизги төрт чакырыкты атады

Экономиканы көтөрүүнүн бир жолу катары бажы жана чек ара процедураларын жөнөкөйлөтүү сунушталды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрагасы Николай Подгузов Борбор Азия өлкөлөрү үчүн негизги төрт чакырыкты атады.
Ал Алматыдагы Азия жана Тынч Океан региондорундагы финансылык институттарды өнүктүрүү ассоциациясынын форумунда сүйлөгөн. Форумга 40 өлкөдөн 240 банктын жетекчилери, инвестициялык фонддор жана институттар катышууда.
Подгузовдун айтымында, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу, финансы секторунун өнүгүү деңгээлинин төмөндүгү, суу-энергетикалык тармакта макулдашылбаган иш аракеттер жана негативдүү климаттык өзгөрүүлөр региондогу мамлекеттер үчүн негизги чакырыктар болуп саналат.

“Деңизге чыгууга жолдун жоктугу Борбор Азиянын соода-экономикалык потенциалын чектейт. Транспорттук чыгымдардын көптүгүнөн өлкөлөрдүн ички дүң продукциясы орто эсеп менен 20 пайызга адаттагы мүмкүнчүлүктөрүнөн жай өсүп жатат”, — деди Подгузов.

Деген менен регионалдык жана тышкы соода байланыштарды динамикалуу өнүктүрүү үчүн мурдагыдай эле бажы жана чек ара процедураларын жөнөкөйлөтүү керек. Мындан сырткары, Борбор Азия дүйнөдө сууну эффективдүү колдонуу деңгээли эң төмөн региондордун бири болуп саналат.
“Калктын саны тез көбөйүп жатканы, урбанизация, айыл чарбасын жана өнөр жайды өнүктүрүү — бул процесстердин баары көп сууну талап кылат. Биздин банк Борбор Азия суу ресурстарын жамааттык башкаруу ыкмасын колдонушу керек деген тыянак чыгарат. Евразия өнүктүрүү банкынын баасы боюнча (алар Дүйнөлүк банк жана башка уюмдар менен дал келет) кооперация аркылуу учурдагы кемчиликтер жоюлуп, регионалдык ИДПнын өсүү темпи жылына 1,5 пайызга жогорулашын шарттайт”, — деди Подгузов.
Ошондой эле ал климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу коркунучтарды да эске салды. Бул жагынан алганда Борбор Азия дүйнөдөгү эң аялуу региондордун катарына кирет.
Bloomberg: Борбор Азиянын экономикасы РФтен кирген капиталдын эсебинен өсүүдө