COVID-19 пандемиясынын токтогону оору түп-тамырынан жоголуп кетти дегенди түшүндүрбөйт. Болгону бул илдет пандемиялык деңгээлге жеткирген күчүн жоготту деген сөз. Мындай пикири менен Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Анын айтымында, коронавирус пандемиясы 1 202 күнгө созулду.
"2019-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жаңы пайда болуп жайылып кеткен вирусту пандемиялык абалга келип жетти деп жарыялаган. Бул жалпысынан 1 202 суткага созулуп, абдан узак жүрдү. Дүйнөнүн 231 өлкөсүндө катталды. Ал мамлекеттерде илдеттин жайылуу, жугуу, дарылоо учурларын камтыган көрсөткүчтөрдө Кыргызстан 164-орунду ээледи. Ал эми COVID-19дан каза тапкандар боюнча 140-орунга чыкты. Бул биздин өлкөдө вирус менен күрөшүүдө абал өтө эле начар болгон жок дегенди түшүндүрөт. Жалпысынан төрт толкунду өзүнө камтыган пандемияда 2020-жылдын июнь айы Кыргызстан үчүн оор болду. Жоготуулардын санынын көптүгү да ушул убакка туура келди. Коомчулук медиктердин айтканын угуп, аралыкты сактап, өздүк гигиенага олуттуу көңүл бурары менен илдеттин жугуу темпи кескин төмөндөгөн. Бирок эки айдан соң эле унута түшүп, кайрадан массалык иш-чаралар уюштурулуп жатты. Ошентип жалпысынан төрт толкунду башыбыздан кечирдик. Бардык эле вирустар организмге кирген соң жашап кетүү максатында өзгөрүүлөргө дуушар болуп, мутацияланат. Коронавирус да улам өзгөрүп отурганына күбө болдук. Жыйынтыгында адамды өлүмгө алып келбей турган жеңилирээк штаммдары пайда боло баштады, бирок ошону менен бирге эле жугуштуулугу жогорулады. Азыр эми пандемиялык абалга кептеген коркунуч жок, бирок илдет өзү таптакыр жашообуздан жок болуп кете элек. Андыктан керек учурда эмделип, дарыгерлердин кеңешин угуп, вирусту унутпай жашообузду уланта беришибиз керек", —деди Нурматов.
Профессор соңку изилдөөлөргө ылайык учурда дүйнө калкынын 93 пайызында коронавирустан антитело бар экендигин кошумчалады.