УКМК: Көлдө Royal Beach салынган жерди жеке колго мыйзамсыз берип жиберишкен

Жер тилкени берүү боюнча чечимди Ысык-Көл райондук соту чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Ысык-Көлдө Royal Beach отели жайгашкан 8,19 гектар жерди менчикке мыйзамсыз берип коюшкан. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Комитеттин билдиргенине караганда, 2015-жылы Ысык-Көл райондук соту Чок-Талдагы жерди менчикке берүүгө негиз болгон мыйзамсыз чечим чыгарган. Ал документте аянт эки гектарга азайтылып көрсөтүлгөн.
"Сот материалдык пайда көрүүнү көздөп, бир иш боюнча эки башка жер аянтын көрсөтүп мыйзамга каршы келген эки чечим чыгарып берген", — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам мамлекетке 42 миллион сомдук зыян келгендигин айтышты.
Жер мунапысы: бийлик кандай үйлөрдү мыйзамдаштыруу мүмкүн эместигин түшүндүрдү